Чиновниктер кызматтык иш сапарларга мамлекеттик казынадан канча акча сарптаган?
2017-жылдын аягында өкмөт, бюджеттин киреше бөлүгү түшүп кеткендиктен кыскартууга мажбур болгон. Кийин парламент 2017-жылга республикалык бюджетти өзгөртүү боюнча мыйзамды колдогон.
Өкмөт буга чейин, бюджеттин жалпы кирешелери гранттарды кошкондо, 2017-жыл үчүн 41 млрд 527 млн сом суммасында болжонгонун билдирген.
Муну менен бирге, мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдар көлөмү 2017-жылга 177 млрд 179 млн сом деңгээлинде каралган.
Barometr.kg редакциясы “Ачык бюджет” порталынын маалыматына негиз кылып, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын кызматтык сыртка чыгууларга жумшаган чыгымдарды салыштырды.
Белгилесек, порталдын маалыматына ылайык, маморгандар бюджеттик акчадан сырткары, кызматтык чыгууларга атайын каражаттардан дагы колдонушкан. Төмөндө 2017-жылы чиновниктер менен депутаттардын кызматтык чыгууларына бюджеттен канча акча жумшалганы көрсөтүлдү (атайын каражаттарды эсепке албаганда):
- Билим берүү жана илим министрлиги - 43 млн 968,85 миң сом, 2016-жылы - 39 млн 717,19 миң сом;
- Тышкы иштер министрлиги - 28 млн 796,40 миң сом, 2016-жылы - 15 млн 189,33 миң сом;
- Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги - 25 млн 942,60 миң сом, 2016-жылы - 22 млн 346,50 миң сом;
- Эсеп палатасы - 23 млн 406,46 миң сом, 2016-жылы - 20 млн 372,30 миң сом;
- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги - 20 млн 373,55 миң сом, 2016-жылы - 12 млн 760,70 миң сом;
- Экономика министрлиги - 20 млн 140,61 миң сом, 2016-жылы - 24 млн 037,07 миң сом;
- Маалыматтык технологиялар жана байланыштар боюнча мамлекеттик комитети - 19 млн 833,91 миң сом, 2016-жылы - 1 млн 286,35;
- Саламаттыкты сактоо министрлиги - 18 млн 702,22 миң сом, 2016-жылы - 20 млн 004,99 миң сом;
- Маданият, маалымат жана туризм министрлиги - 18 млн 595,37 миң сом, 2016-жылы -14 993,70;
- Жогорку Кеңеш - 18 млн 121,13 миң сом, 2016-жылы - 18 млн 513,81 миң сом;
- Өкмөт аппараты - 17 млн 816,00 миң сом, салыштыруу үчүн 2016-жылы - 12 млн 802,10 миң сом;
- Жогорку сот - 15 млн 223,69 миң сом, 2016-жылы - 13 млн 070,59 миң сом;
- Транспорт жана жолдор министрлиги - 14 млн 234,36 миң сом, 2016-жылы - 14 млн 234,36 миң сом;
- Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети - 13 млн 413,40 миң сом, 2016-жылы - 4 млн 612,56;
- Президенттин аппараты - 12 млн 489,40 миң сом, 2016-жылы - 8 млн 129,50 миң сом;
- Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги - 11 млн 399,96 миң сом, 2016-жылы - 9 млн 371,72 миң сом;
- Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы - 7 млн 237,70 миң сом, 2016-жылы - 6 млн 388,39 миң сом;
- Башкы прокуратура - 5 млн 102,73 миң сом, 2016-жылы - 4 млн 183,66;
- Улуттук статистика комитети - 3 млн 336,90 миң сом, 2016-жылы - 2 млн 547,10 миң сом;
- Юстиция министрлиги - 1 млн 837,01 миң сом, 2016-жылы - 145,00 миң сом;
- Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду - 1 млн 453,89 миң сом, 2016-жылы - 1 млн 614,82 миң сом;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети – маалыматтар жашырылган;
- Ички иштер министрлиги – маалыматтар жашырылган;
- Коргонуу боюнча мамлекеттик комитети – маалыматтар жашырылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content10363
Добавить комментарий ×