Депутат: «Жаңы жыл майрамдарында элдер Оштон Бишкекке жетпей калышты»
Жаңы жыл майрамдарында элдер Оштон Бишкекке келе албай жатты. Парламенттин жыйынында депутат Улан Примов, Ош-Бишкек жападан-жалгыз стратегиялык жолунда 400-500 автоунаа тыгында кармалып турганын билдирди. «Бул биздин стратегиялык жолубуз. Кар көчкү түшкөндө ал тиешелүү техника менен камсыздалышы керек жана дайыма ачык турушу зарыл»,-деди ал.
Парламентарий белгилегендей, аэропорт дагы 1-январда дээрлик иштеген эмес.
«Оштон таңкы каттам Бишкекке кечке жуук гана келген. Муну менен бирге, авиакомпаниялар жүргүнчүлөргө тиешелүү мамиле жасаган эмес. Элдер ошентип Бишкекке же унаа менен да же учак менен да келе албай калышкан. Ошон үчүн мен, өкмөт башчы чиновниктерди жоопко тартышын каалайт элем»,-деп кошумчалады эл өкүлү.
Ссылка: https://barometr.kg/content10362
Добавить комментарий ×