Иранда өкмөттү колдогон массалык демонстрациялар болду

4 января 2018 09:25 560 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 3-январда Ирандын бир катар шаарларында өкмөттү колдогон миңдеген адамдар массалык демонстрацияларга чыгышты. Алар өткөн жумадан бери өлкөдө уланып жаткан нааразылык акцияларга каршы экендиктерин билдиришти.

Демонстранттар Ирандын жогорку диний жолбашчысы Аятолла Али Хаменеинин сүрөттөрүп көтөрүшүп, нааразылык акциялардын катышуучуларын айыптаган ураандарды кыйкырышты. Андан тышкары чогулгандар нааразылыктарга шыкакчы болууда деп АКШны, Сауд Арабиясын жана башка өлкөлөрдү айыпташты. Күн мурун Хаменеи акциялар үчүн жоопкерчиликти «Ирандын душмандарына» жүктөгөн. Белгилесек, өлкөдө өкмөткө каршы нааразылыктар 28-декабрда башталган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10360



Добавить комментарий