Жээнбеков Кубанын Мамлекеттик кеңешинин төрагасын өлкөнүн боштондук күнү менен куттуктады
Поделиться в:
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Куба Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Рауль Модесто Кастро Русту өлкөнүн Боштондук күнү менен куттуктады.
“Сизди жана Сиз аркылуу жалпы Куба элин улуттук майрамы – Куба Республикасынын боштондукка чыккан күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Өлкөлөрүбүз ортосунда өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүүгө жана кыргыз-кубалык байланыштарды тереңдетүүгө кызыктарлыгымды билдирем. Жагдайдан пайдаланып, Сизди Жаңы 2018-жыл менен куттуктап, Сизге бакубатчылык жана мамлекеттик ишиңизде ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Куба элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”,-деп белгиленет куттуктоодо.
Ссылка: https://barometr.kg/content10351
Добавить комментарий ×