Путин Кыргызстандын элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады

30 декабря 2017 14:32 672 Barometr
Поделиться в:
ok

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Узап бараткан жыл орус-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана кызматташтыгынын бекемдигин ырастады. Активдүү саясий диалог өнүктү, түрдүү тармактардагы эки тараптуу өз ара пайдалуу долбоорлор ишке ашырылды. Биздин мамлекеттер аймактык күн тартибиндеги маанилүү маселелерди чечүүдө аракеттерди координациялады.

Биз, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы конструктивдүү кызматташтыкты, КМШ, ЖККУ жана ШКУдагы өнөктөш байланыштарды Евразия Экономикалык биримдигинин алкагында интеграциялык өз аракеттешүүнү кеңейтүү боюнча биргелешкен иштерди улантабыз деп эсептейм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында

Путин, Жээнбековго бекем ден соолук, бакыт, ийгилик, ал эми кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өсүү каалады.

Ссылка: https://barometr.kg/content10328



Добавить комментарий