Жээнбеков: “2018-жылга карата алдыда чоң милдеттер турат”

30 декабря 2017 13:56 1164 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-декабрда Жаңы жыл алдында өкмөт башчы Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушту.

Мамлекет башчысы аларды Жаңы жыл менен куттуктап, бардык бийлик бутактарына жакшылыктарды жана мамлекетти өнүктүрүп, кыргызстандыктардын бакубатчылыгын  жогорулатууга багытталган ишмердигине ийгиликтерди  каалады.

«Өткөн жыл татаал болсо да, жалпысынан жакшы болду. 2017-жыл өлкөнүн баардык жашоо тармагында кыйла өсүш жана олуттуу жетишкендиктер менен жыйынтыкталууда. 2018-жылга карата алдыда чоң милдеттер турат, биргелешкен аракеттер менен өлкөнү өнүктүрөбүз, туруктуулукту бекемдейбиз жана кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртабыз», - деп белгиледи Жээнбеков. Мамлекет башчысы Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү жана кыргызстандыктарга бакубатчылык каалады.

Ссылка: https://barometr.kg/content10325



Добавить комментарий