Баястан бойдокчулук менен коштошот

30 декабря 2017 13:50 2692 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү рэп ырчысы Баястан бойдокчулук менен коштошкону турат. Ал көптөн бери кыз жигит болуп сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүсү Зульфия Лансаровага кыргыздын каада-салты менен кечээ, 29-декабрда сөйкө салды.

Жакшылыгы менен тең бөлүшкөн рэпер сүйүктүүсүн ачыкка чыгарып, ага сөйкө салган сүрөтүн соцтүйүндөгү баракчасына жүктөгөн.

Белгилей кетсек, буга чейин Баястан ушул жылы үйлөнө турганын коомчулукка жар салган. Азырынча эки жаштын тою кайсыл күнгө өтөөрү маалымдала элек.

Ссылка: https://barometr.kg/content10324



Добавить комментарий