Президент Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды

30 декабря 2017 12:14 540 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Сооронбай Жээнбеков менен Эркинбек Мамыров адам укуктарын жана эркиндигин коргоодо, укуктук мамлекет орнотууда, өлкөдө мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн камсыздоону күчөтүү ишинде Конституциялык палатанын  ролу жана ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашышты.

Мыйзам талабына ылайык Конституциялык палатанын курамы 11 судьядан турууга тийиш, бүгүнкү күндө  10 судья иш алып барууда. “Палатанын иши толук кандуу жүрүшү үчүн анын курамын толук тандоо зарыл. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо жана коргоо маселесин Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамына багыттоо мүмкүнчүлүгүн караштыруу зарыл ”, - деп белгиледи президент.

Ссылка: https://barometr.kg/content10322



Добавить комментарий