Министр жана ведомство жетекчилери Нурдандын кыялын кантип ишке ашырды?

29 декабря 2017 15:55 1106 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин он жаштагы кичинекей тургуну Нурдан өлкөнүн эң популярдуу адамы болду. Анткени бир нече ведомство, анын жетекчилери Нурдандын жаңы жылдык кыялдарын ишке ашырганы тууралуу кубанычтуу кабарларды жазышкан.

Бала жалпысынан мазмуну бирдей болгон, көп сандаган ыйлактаган каттарды жазып түрдүү ведомстволор менен министрликтерге жөнөтүп койгон. Катта Нурдан Аяз ата аны Жаңы жыл менен куттуктабаганын билдирген. Каттын алгачкы саптарына ал жетекчилерге карата мактоо сөздөрүн жазган.

Учурда Нурдан Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбековдон белектерди алууга жетишти.

Ссылка: https://barometr.kg/content10300



Добавить комментарий