Дилшат Кангелдиеваны тоноп кеткендер кармала элек

29 декабря 2017 12:57 1569 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү ырчы Дилшат Кангелдиеванын унаасынан баштыкка салынган кийимдерин тоноп кеткен уурулар кармала элек. Бул тууралуу ырчы barometr.kgге билдирди.

Анын айтымында, баштыкта Түркиядан алдырткан кийимдери болгон.

«Мындан бир канча күн мурун белгисиз адамдар унаама кирип, эшик айнегин сындырып, баштыкка салынган кийимдерди уурдап кетишкен. Аларды кармоо үчүн милицияга арыз жазып кайрылгам. Бирок, азыркы убака чейин ууруларды кармаша элек. Учурда издеп жатышкандарын айтышууда. Кийимдерди Түркиядан алдырткан элем. Аны атайын жаңы жылдык кечелерге кийиле турган көйнөктөр болчу. Башка тааныштарыма дагы ошол көйнөктү сунуштайын деп жаткам»,-деди Кангелдиева.

Ырчынын буюмдарын тонгон көрүнүш ушуну менен экинчи жолу кайталанып олтурат. Буга чейин студиясынан бир канча аппаратуураларды тоноп кетишкен. Уурулар кармалган, бирок белгисиз себептерден улам коё берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/content10291



Добавить комментарий