Өкмөт сайларда кум-таштарды өндүрүүдө лицензия берүүгө тыюу салды

29 декабря 2017 11:40 629 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 28-декабрда, мамлекеттик органдарга дарыялардын жээктеринде же сайларда жер казынасын колдонууга лицензияларды берүүгө тыюу салды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.

 

Сапар Исаков, суулардын жээгинен шагыл таштарды өндүрүү жумуштары экология, экономика жана улуттук коопсуздукка тобокел алып келе турган болсо аны токтотуу керектигин белгиледи.

Белгилесек, буга чейин өкмөт башчы чукул кырдаалдарды эскертүү, Чу дарыясынын сайларында жээктерди бекемдөө боюнча өз учурунда өткөрүлгөн иштердин маанилүүлүгүн айткан. Тиешелүү мамлекеттик органдарга, Чу суусунун жээгинен кум жана таштарды өндүрүү менен алектенген ишканаларга уруксат документтерин берүүдө көзөмөлдү катаалдатуу тапшырылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10287



Добавить комментарий