Ошто кылмышкер үй ээсин өлтүрүп, анын аялын токмоктогон

29 декабря 2017 11:25 816 Barometr
Поделиться в:
ok

Ошто оор кылмыш жасаган жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ош ИИБсинин басма сөз кызматынан билдиришти.

26-декабрда Оштогу үйлөрдүн биринен өрт чыгып, окуя болгон жерден 1956-жылы туулган үйдүн кожоюнунун сөөгү табылган.

Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренесине ылайык, («Адам өлтүрүү») иш козголду. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1992-жылы туулган С.Б. кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 25-декабрда, кылмышка шектүү спирт ичимдиктерин колдонгон. Түн киргенде мас абалында тоноо максатында ошол эле көчөдөн алыс эмес жайгашкан үйгө кирген. Бирок үй ээси аны байкап калган. Мушташ учурунда шектүү аны жүрөк тушка бычак сайган. Ал эми үй ээсинин аялын эсинен танганча сабаган. Кийин изин жашырган. Бул окуядан кийин үйдөн өрт чыккан. Учурда соттук-медициналык жана башка зарыл экспертизалар дайындалып иликтөө жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content10286



Добавить комментарий