Жалал-Абадда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
Поделиться в:
Жалал-Абад областында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Кара-Көл шаарында кечээ, 28-декабрда, саат кечки бештерде Бишкек-Ош жолунун 390-чакырымнда «Хово» унаасынын айдоочусу транспортту башкара албай калып «Тойота ОРА», «ДЕУ Нексия» жана «ДЕУ Матиз» унаалары менен кагалышкан. Анын кесепетинен төрт киши жабыркаган. Алар шаардык ооруканага жеткирилген. Бирок алган жаракатынан улам 2003-жылы туулган С. Уулу С. Каза тапкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content10283
Добавить комментарий ×