Соцтармакта камасутраны эске салган чемпионаттын логотиби кызуу талкууланууда

28 декабря 2017 19:42 1294 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык түйүндөрдө 2018-шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионаттын логотиби кызуу талкууга алынды.

Кыргызстандын белгилүү спорт боюнча журналисти Гулиза Авазова, өзүнүн баракчасында австралиялык шахматчы, гроссмейстер Давид Смердондун чемпионаттын логотибине тийиштүү пикирин жарыялап жатып, гроссмейстер каарданууда деп билдирди.

"Сүрөттө Лондондо өтө турган Шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионат-2018 логотиби. Ал 2012-жылдагы Олимпиаданын логотиби тууралуу окуяны эске салат. Ал дагы Лондондо болгон»,-деп жазды ал.

Смердон логотиптин сүрөтүн жарыялады. «Шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жаңы логотиби. Жоок, бул тамаша эмес»,-деп нааразы болду гроссмейстер.

Бул логотип интернет колдонуучулардын жарпын жазды. Анткени анда эркек менен аял шек туудура тургандай абалда тартылган. Колдонуучуларга логотип камасутраны эске салды.

Кара-ак түстөгү логотипте колунда шахмат тактасын кармап турган эркек менен аялдын сүрөтү чегерилген. Муну менен бирге алардын буту менен колдору оролгон абалда.

Ссылка: https://barometr.kg/content10267



Добавить комментарий