"Манас" аэропортунда «Электрондук дарбаза» системасы киргизилди

28 декабря 2017 19:07 738 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 28-декабрда, «Манас» эл аралык аэропортунда «Электрондук дарбаза» системасын баштатты. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, техникалык адистер аэропортто E-Gate аппарат-программалык комплексинин 3 комплектин орнотуу иштерин бүтүрдү деп билдирди.

Анын айтымында, мындай системаны, өлкөгө келген жана идентификациялык картасы, башкача айтканда КРдын жараны деген 2017-жылдагы үлгүдөгү паспорту бар (биометрикалык паспорт) жарандардын баардыгы колдоно алышат.

Ал ошондой эле, жакынкы араларда мындай система «Ош» эл аралык аэропортуна дагы орнотуларын кошумчалады.

Сапар Исаков, «Электрондук дарбазалар» системасын акырындык менен өлкөнүн бардык өткөрүү бекеттерине орнотуу керектигин белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/content10265



Добавить комментарий