Салянованын инисин өлтүрдү деп шектелген жаран кармалды

28 декабря 2017 12:01 1741 Barometr
Поделиться в:
ok

Парламенттин депутаты Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу басылмаларга күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери маалымдашты. Алардын айтымында, кылмышка шектелип 1986-жылы туулган Эрмек О. кармалган. Ал Бишкек шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, учурда көрсөтмө берип жатат.

Азыркы тапта аталган кылмышка катыштыгы барларды кармоо үчүн ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Эске салсак, ушул жылы 6-ноябрда, Бишкектеги «Көк-Жар» жаӊы конушунда бет кап кийген белгисиз адамдар Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Салянованын инисин  атып кетишкен.

Иликтөөнүн маалыматына ылайык, ошол күнү саат түнкү экилерде Бишкекте Улан Саляновдун үйүнө бет капчан адамдар кирип келип атып кетишкен. Натыйжада 42 жаштагы  Улан Салянов каза тапкан. Окуя болгон жерге милиция келген.

Туугандары, үйгө бет капчан 3-4 киши кирип келип акча талап кылышкан деп айтышкан. Үйдүн кожоюну У.Салянов алар менен айтыша кетип, натыйжада аны атышкан. Бул учурда анын 17 жаштагы уулу качып кеткен, бирок кийинчерээк ал табылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10255



Добавить комментарий