Интернетте Жаңы жылды майрамдоого каршы акция башталды

28 декабря 2017 09:28 1016 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык түйүндөрдө колдонуучулар Жаңы жылды майрамдоого каршы акция уюштуруп жатышат.

Интернет колдонуучулар «Мен мусулманмын! Жаңы жылды майрамдабайм, колдобойм, катышпайм» деген жазылган сүрөттөрдү активдүү бөлүшүп жатышат.

Мындай акциянын катышуучуларынын пикиринде, Жаңы жылды майрамдоо кыязы исламдын мыйзамдарына карыш келет, буга байланыштуу алар мусулмандарды бул майрамды тоспоого чакырышат. Интернет колдонуучулар бөлүшкөн сүрөттөрдө Аяз ата менен балаты тыюу салган белгиси менен сызылып өчүрүлгөн. Муну менен бирге бул майрам эмнеси менен жаман экени жана шариятка кандайча туура келбегени такталган эмес.

Белгилесек, Кыргызстан, Конституцияга ылайык светтик өлкө, башкача айтканда, дин мамлекеттен бөлүнгөн. Жаңы жыл – бул салттуу майрам жана Кыргызстанда аны, диний ишенимдерге карабастан бардык жарандар майрамдап келет.

Ссылка: https://barometr.kg/content10245



Добавить комментарий