Жээнбеков: «Чакырыктарга жооп берүү үчүн КМШга катышуучу-өлкөлөрдүн күч аракетин бириктирүү зарыл»

27 декабря 2017 17:24 644 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 26-декабрда, Москва шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты.

КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери бейформал кырдаалда түрдүү тармактарда кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Сооронбай Жээнбеков КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусунда чыгып сүйлөп, Владимир Путинге чакыргандыгы, жылуу тосуп алгандыгы жана жолугушууну бийик деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Россия тарапты Шериктештикте төрагалыгын ийгиликтүү жана үзүрлүү жыйынтыктап жатышы жана алдыга коюлган максаттарга жана милдеттерге жетишкендиги үчүн дагы куттуктады.
Кыргызстандын президенти өз сөзүндө мындан дагы мазмундуу иштеш үчүн Шериктештиктин ишмердигин оптимизациялоо процессин улантуу зарылдыгын белгиледи.
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Шериктештик уюшулгандан бери КМШ өлкөлөр ортосунда үзүрлүү жана ар тараптуу кызматташуу үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзгөндүгүн баса белгиледи.
Кыргызстандын президентинин сөзү боюнча акыркы эки жылдын аралыгында Шериктештиктин, анын тармактык органдарынын ишмердигин оптимизациялоо багытында реалдуу кадамдар жасалган. Президент Сооронбай Жээнбеков бул процесс туруктуу жана үзгүлтүксүз болууга тийиш экендигин белгиледи, анткени мындай мамиле КМШнын ишин кыйла мазмундуу, конкреттүү жыйынтыктарга жетишүүгө багытталгыдай кылат.
Мамлекет башчы КМШнын жана ЖККУнун тиешелүү структуралары пайда болгон коркунучтарга өз учурунда жооп кайтаруусу зарыл экендигин, баңгизаттарды, куралдарды жана ок-дарыларды контрабандага тыюу салуу чараларын көрүүнү өзгөчө белгиледи. Анткени алар ал каражаттарды эл аралык террористтик жана диний экстремисттик уюмдардын ишмердигин каржылоого жана алардын жалданма согушчандарын мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө пайдаланып жатышат. 
Өз сөзүнүн соңунда Жээнбеков 2018-жылы КМШга төрагалык кыла турган Тажикстанга ийгиликтерди каалады.

Ссылка: https://barometr.kg/content10240



Добавить комментарий