Таласта өспүрүмдөр арасында профилактикалык иш-чаралар уюштурулат

27 декабря 2017 16:45 474 Barometr
Поделиться в:
ok

Талас областынын прокуратурасы тарабынан, өкмөттүн Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, райондук администрацияларынын, билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери, ошондой эле укук коргоо түзүмдөрүнүн катышуусунда кеңешме өткөрүлдү. Жыйында акыркы учурларда өспүрүмдөр арасында өскөн суицид фактылары талкууланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Анын жүрүшүндө катышуучулар, маморгандары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан уюштурулган балдардын укугун коргоого багытталган профилактикалык иш-чаралар өз деңгээлинде болбой өтпөгөнүн белгилешти.

Белгилесек, акыркы учурларда Талас областында эки суицид окуясы катталган: Талас районундагы лицей-жатак мектебинин 9-классынын окуучусу О.А. жана Кара-Буура районунун орто мектебинин 9-классыныны окуучусу С.Д. өзүнүн жанын кыйышкан.

Мындан тышкары, Манас районунда жашы жете электердин ортосундагы мушташтан окуучу Ж.у.А. каза тапкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content10238



Добавить комментарий