Ошто унаа сууга кулап, анын кесепетинен 19 жаштагы кыз мерт кетти
Поделиться в:
Ошто автоунаа Ак-Буура дарыясына кулап, 19 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу жол коопсуздугун камсыздоо боюнча Ош шаардык бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, саат 23:30да BMW-525 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Тилеке Баатыр көчөсү менен айдап баратып, унааны башкара албай Ак-Буура суусуна кулаган.
Жол кырсыгынын кесепетинен 19 жаштагы жүргүнчү ошол жерден мерт кеткен. Айдоочу жана дагы үч жүргүнчү түрдүү жаракаттарды алышкан. Жабыркагандар Ош шаардык ооруканасына жаткырылган. Учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content10236
Добавить комментарий ×