Ирандын түндүгүндө дагы жер титирөө катталды
Поделиться в:
Ирандын түндүгүндө шаршембиге караган түнү болгон жер титирөөнүн кесепетинен бир киши каза таап, 56 жаран жабыркады. Бул тууралуу IRNA агенттиги маалымдады.
Ирандын сейсмологиялык борборунун маалыматына ылайык, күчү 4,2 баллга жеткен зилзала Тегерандан алыс эмес жерде 27-декабрга караган түнү болгон.
Өткөн аптада дагы Ирандын түндүгүндө күчү 5,2 магнитудага жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен эки киши мерт кетип, 100дөн ашуун адам жапа чеккен.
Иран мамлекети сейсмикалык активдүүлүк аймакта жайгашкандыктан ал жакта жер титирөөлөр болуп турат.
Ссылка: https://barometr.kg/content10232
Добавить комментарий ×