Собчак расмий түрдө Россиянын президенттигине талапкер катары бекитилди

27 декабря 2017 15:08 897 Barometr
Поделиться в:
ok

Теле алып баруучу Ксения Собчак өзүнүн шайлоо алдындагы расмий кампаниясын баштаса болот. Боршайком шайлоо фондусун калыптандыруу үчүн атайын эсеп ачууга ага уруксат берди. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Эсепти ачкандан кийин Собчак шайлоочулардын колун топтоп баштоого болот. Ошондой эле комиссия «Гражданская инициатива» партиясынын 3 ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.

Алексей Навальныйды соттолгону алынбагандыгы үчүн каттоодон баш тартышты.

Россияда кезектеги президенттик шайлоолор 2018-жылдын 18-мартында өткөрүлөт. Шайлоо кампаниясы 18-декабрда старт алган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10229



Добавить комментарий