Мээрим Карыпованы казак-кыргыз тасмасынан көрүңүз!

27 декабря 2017 13:53 1335 Barometr
Поделиться в:
ok

Фольклордук ырларды аткаруу менен эл арасында белгилүү ырчы Мээрим Карыпова эми актриса катары дагы өзүн сынап жаңы тасмага тартылды. Бул тууралуу ырчы barometr.kg сайтына билдирди.

“Кудайга шүгүр, быйылкы жыл абдан жемиштүү жылдардан болду. Элдин жүрөгүнөн орун тапкан бир нече чыгармалар жаздырдым. Клиптерим дагы тартылды. Мындан тышкары өзүмдү актриса катары да сынап көрдүм. Жакында эле казак-кыргыз биргелишип тартышкан “Дарак ыры” аттуу тасмага тартылдым. Азырынча тасма күйөрмандарга сыр боло турсун. Жазында бет ачаары болот. Бүгүн Түркиядагы мекендештердин чакыруусу менен жаңы жылдык иш-чарага баратам”,-деди Карыпова.

Ырчы кирип келген ит жылы кыргыз элине аманчылыктын, тынччылыктын, бейкуттуктун, ийгиликтин жылы болушун каалап өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/content10228



Добавить комментарий