Карды көтөрө албай жыгылган бактардын айынан зымдар үзүлдү

27 декабря 2017 13:35 721 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда кардын мол жаашынан улам ондой электр тогун өткөргөн линиялар өчүрүлдү, учурда энергетиктер оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Мындай маалыматты бүгүн, 27-декабрда, жыйында Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, көп жааган кардан жана катуу шамалдан улам республика боюнча бактар жыгылып, мындай нерсе электр линияларынын үзүлүшүнө алып келген.

«Катуу шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-30 метрге чейин жетти»,-деди Калиев.

Ал ошондой эле кырдаал көзөмөлгө алынганын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/content10227



Добавить комментарий