«Манас» аэропорту өзүнүн 3,5 миллионунчу бактылуу жүргүнчүсүн куттуктады

27 декабря 2017 11:33 655 Barometr
Поделиться в:
ok

«Манас» эл аралык аэропорту өзүнүн 3,5 миллионунчу жүргүнчүсүн тейледи. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Бактылуу жүргүнчү болуп Бишкек-Астана каттамы менен уча турган 25 жаштагы Муса Жаныбеков аталды.

3,5 миллионунчу жүргүнчүнү «Манас» эл аралык аэропорту ААКсы башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев куттуктап, ага корпоративдик сувенирдик продукция менен саат белекке берди.

Ошондой эле аэропорттун VIP залында бир жыл үчүн жана 4 ай үчүн бизнес залда акысыз тейлөө сертификатын, Дьюти-фринин продукциясы салынган сепетти бактылуу жүргүнчүгө компаниянын өнөктөштөрү тапшырды. Ал эми «Эйр Астана» авиакомпаниясы жүргүнчүгө бизнес класска чейин акысыз апгрейдди белек кылды.

«Жаңы жылдын алдында милионунчу жүргүнчүнү куттуктоо бул салт болуп калды. Акыркы эки жылдын ичинде биз 3-миллионунчу жүргүнчүнү куттуктаганбыз»,-деди аэропорттун инвестициялык жана стратегиялык өнүгүү директору Нурсултан Белеков.

Ссылка: https://barometr.kg/content10218



Добавить комментарий