Жээнбеков КМШ өлкө башчыларынын саммитине катышуу үчүн Москвага учту

27 декабря 2017 09:32 758 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча жумушчу сапар менен Москвага барган, анын алкагында өлкө башчысы КМШ мамлекет башчыларынын формалдык эмес саммитине катышты.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Эске салсак, кечээ, 26-декабрда, Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга жасаган эки күндүк расмий сапары аяктады. Сапардын алкагында мамлекет башчы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн жана ЕАЭБдин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Сапардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду, эки мамлекеттин лидерлери биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Ссылка: https://barometr.kg/content10209



Добавить комментарий