Сапар Исаков «Майлуу-Суу лампа заводунун» иши менен таанышты

27 декабря 2017 09:19 654 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 26-декабрда, Жалал-Абадга болгон жумушчу сапарынын алкагында “Майлуу-Суу лампа заводу” ишканасынын ишмердүүлүгү менен тааныштып чыкты. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Заводдун иши туралуу маалыматты техникалык директору Мурзажан Токтабаев айтып берди.

Электр лампаларын өндүргөн ишканада 2000ден ашуун жумушчу иштейт.

Бир жылда 300 миллион лампа чыгарылат, анын ири бөлүгү экспортко кетет.

Милдеттүү төлөмдөр боюнча ири карыздан улам заводдо 2009-жылдан бери атайын администрациялоо процедурасы иштейт.

Өкмөт башчы ишкананын өндүрүүчү цехтери, ошондой эле чыгарылган продукцияларды карап чыкты.

Сапар Исаков, ишканадагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн жакынкы арада тиешелүү маморгандардын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрүлөрүн белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/content10207



Добавить комментарий