Москвада 30 кыргызстандык кармалды

26 декабря 2017 17:34 2334 Barometr
Поделиться в:
ok

Россия Федерациясындагы Кыргызстандын элчилигинин түз байланыш линиясына Москвада Кыргызстандын 30 жараны кармалды деген маалымат келген.

25-декабрда элчиликтин кызматкерлери «Текстильщики» району боюнча Россиянын ИИМБсине ыкчам барышкан.

Анда жарандар чет өлкөлүктөрдүн каттоо документтерин пландык текшерүүнүн негизинде кармалганы аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 19 адам кое берилген.

"Калган 11 кыргызстандык жаран миграциялык мыйзамды бузганы аныкталды. Протоколдорду кароодо 9 кишини мыйзам белгилеген айыппулду төлөөгө милдеттендирүү чечими кабыл алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Эки кишиге карата толтурулган протокол, Россиянын аймагында узун мөөнөт ичинде каттоосу жок жашап жүргөнү жана жасалма документтерге байланыштуу сот органдарына өткөрүлөт.

"Элчилик, жарандарга каттоо иштеринде ортомчулардын кызматынан пайдаланбоону кайрадан сунуштайт»,-деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content10199



Добавить комментарий