Жээнбеков “Ай-Данек” гезитин 20 жылдык майрамы менен куттуктады

26 декабря 2017 16:06 961 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков «Ай-Данек» гезитин 20 жылдык майрамы менен куттуктады. Төмөндө президенттин куттуктоосу:

“Ай-Данек” гезитинин окурмандарына жана чыгармачыл жамаатына
Кымбаттуу балдар!
Баарыңарды сүйүктүү гезитиңер “Ай-Данектин” 20 жылдык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! 
“Ай-Данек” бөбөктөрүбүзгө таалим-тарбия берген жана чыгармачылыгын өстүргөн басылма катары өз милдетин татыктуу өтөп, мектеп окуучуларынын жүрөгүнөн жылуу түнөк тапты. «Ай-Данектин» ар бир жаңы саны – балдар үчүн майрам. 
Бөбөктөрүм, силер биздин сүймөнчүгүбүз, илгери үмүтүбүз, Кыргызстандын жаркын келечегисиңер. Мен Кыргызстандагы бардык балдар бактылуу доор сүрүп, көңүлү куунак, ден-соолугу чың, билимдүү, адептүү, мекенчил жаран болуп жетилишин каалайм.
Гезитти кызыктуу кылып чыгарууга эмгегин, чыгармачылык жигерин арнап келаткан редакция жамаатына ыраазычылык билдирем! Мындан аркы сапарыңар байсалдуу болуп, узак жылдар бою балдарыбызга кубаныч тартуулай беришиңерге тилектешмин!».

Ссылка: https://barometr.kg/content10196



Добавить комментарий