Чек арадан товарды мыйзамсыз ташып бараткан кыргызстандык кармалды

26 декабря 2017 12:16 570 Barometr
Поделиться в:
ok

КРдын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришкендей, 25-декабрда, Баткен областындагы Кадамжай районунда Арпа-Сай аймагынан, Айдаркен чек ара отрядынын кызматкерлери кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арадан өтүүгө аракеттенген аткезчилик товарды токтотту.

Кыргызстандын жараны өлкөдөн тигүү бумдарын Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Товардын суммасы 30 000 сомду түзгөн. Кармалган жарандын колунда товарга болгон документи болгон эмес.

КР административдик жоопкерчилик тууралуу Кодексине ылайык, кармалган кыргызстандык аялга чек ара тартибин бузганы үчүн 3 000 сом өлчөмүндө айыппул салынды. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, жаран жана аткезчилик товар аймактык бөлүмчөнүн кызматкерлерине тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10184



Добавить комментарий