Сапар Исаков жумушчу сапар менен Жалал-Абадга барат
Поделиться в:
Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 26-декабрда, жумушчу сапар менен Жалал-Абад областына барат.
Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө аймактагы бир катар өнөр жай жана социалдык объекттердин ишмердүүлүгү жана абалы менен таанышып чыгат.
Муну менен бирге, премьер-министр Жалал-Абаддагы «Кыргыз Петролеум Компани» коому, Кочкордогу «Кыргызнефтегаз» жана «Майлуу-Сууй лампа заводу» ишканаларынын ишмердүүлүкөрү менен таанышат.
Мындан тышкары, Сапар Исаков Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Жалал-Абаддагы Балдар психоневрологиялык стационардык мекемесине барат.
Өкмөт башчы Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштеринин жүрүшү менен таанышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content10177
Добавить комментарий ×