Мамлекет башчылары биргелешкен документтерге кол коюшту

25 декабря 2017 20:01 547 Barometr
Поделиться в:
ok

Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга жасаган расмий  сапарынын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 25-декабрда биргелешкен документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен президент Нурсултан Назарбаев Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту, ошондой эле  Кыргыз Республикасы  менен Казакстан Республикасынын ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимге кол коюлду.

Сооронбай Жээнбековдун  Казакстанга жасаган расмий  сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын өкмөтү  менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы режим жөнүндө макулдашууга дагы кол коюлду.

Ссылка: https://barometr.kg/content10159



Добавить комментарий