Назарбаев: «Мен бир дагы жолу Кыргызстандын дарегине жаман сөз айткан эмесмин»

25 декабря 2017 17:20 1405 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстан, Сооронбай Жээнбековдун башчылыгындагы кыргыз делегациясы көтөрө турган маселелерди чечүүгө толугу менен даяр. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Астанада Казакстан жана Кыргызстандын мамлекет башчыларынын расмий жолугушуусу башталды.

"Биз сиздерди күтүп жаткан элек жана кубанычтуу тосуп жатабыз. Казакстан сиздин жетекчилигиңиздеги кыргыз делегациясы козгой турган маселелерди чечүүгө толук даяр. Биз 26 жылдан бери көз карандысыз өлкө катары келатабыз. Жеке мен бул араларда Кыргызстандын дарегине карата эч кандай жаман сөз айткан эмесмин, эч кандай жаман кадамдарды жасаган жокмун. Бул туура. Биз келебиз жана кетебиз, ал эми эки кошуна өлкө бизге чейин эле бар болчу жана бизден кийин дагы жашай бермекчи»,-деди Назарбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/content10155



Добавить комментарий