Сапар Исаков Сокулуктагы Кыргызагробиоборбордун ишмердүүлүгү менен таанышты

25 декабря 2017 16:43 628 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сапар Исаков Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргызагробиоборборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле Сокулуктагы биофабриканы карап чыкты. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргызагробиоборбордун директору Жаныбай Туманов айыл чарба өсүмдүктөрүн зыяндуу дарттардан сактоо үчүн биологиялык экологиялык таза каражаттар туурасында маалымат берди.

Исаков, өндүрүштүн көлөмүн, сапатын, биопрепараттарды керектөөнү жогорулатуу максатында Сокулук районундагы Ново-Павловка айылындагы биофабриканы капиталдык реконструкциялоо боюнча тез арада сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10154



Добавить комментарий