Сонун Кадыр, ырчы: Чачын жазып жүрүү бактысыздыкка алып келет

25 декабря 2017 13:53 3200 Barometr
Поделиться в:
ok

31 жылдан бери сахнада жүрүп, чыгармачылык менен алпурушуп келаткан Сонун Кадыр эжебиз жоолук салынуу идеясын көтөрүп, сунуштады. Мунун себебин да barometr.kgге жакшы түшүндүрүп берди.

“Баарыңыздарды алгач келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктап, бардык жакшылыктарды каалайм! Менин сунушум мындай: баш кийим кийүү. Урматтуу эжекелер, сиңдилер, курбулар, баш кийим кийгенди баштайлы. Кыздарга да жоолук салынуунун модасын алып чыгалы. Элечек майрамдарда кийилсе, жоолукту күнүмдүк турмушубузда модага айланталы. Айрыкча суукта баш кийимсиз жүрүү опурталдуу. Баш кийим менен жүрсөң, ал сени баш оорудан, кулак оорудан, нервдерге суук тийип, беттер кыйшайып калуусунан сактайт экен. Ушул чындыкка көзүм жетти. Айрыкча, өлгөн жерге баш кийимсиз баруу өзүңө эле зыян. Кыздардын чачын жазып жүргөнү да туура эмес. Бактысыз болуп, ажырашуу көп болуп атканы да ушундан болсо керек. Кокусунан болгон кырсыктар азайар беле... Ошондой эле, жылаңбаш жүргөндө, чач көчөдөгү ар кандай терс энергияларды да өзүнө сиңирип алат. Чач аркылуу оң жана терс энергиялар адамга өтөт. Көптөгөн жылдар жаткан адамдын сөөгүнүн да чачы кеч чиригенин байкашкан. Демек, адам денесиндеги космос менен байланыштырып турган ыйык нерсе - чач. ДНКны дагы чач аркылуу аныкташканы бар. Андыктан, баш кийим кийели, болгондо да жоолук салыналы! Биз, кыргыздар миң жолу башка улутту туурап, ошолорго окшошолу десек дагы алар бизди кошпойт. Чачыбызды сарыга өзгөртсөк деле кыргыз бойдон калабыз. Ошондуктан, кебетебизди бузбай эле кыргыз бойдон калалы. Кыздарыбызга кыргыз наркын үйрөтөлү. Өз баабызды сактайлы. Алгач сырткы келбетибизди кыргыз кылалычы. Анан калганы акырындап келээр. Келе жаткан Жаңы жыл ушундай жакшылыктарды, барк, баа, каада-салтыбызды алып келген жылдардан болсун!,-дейт ырчы Сонун Кадыр.

Ссылка: https://barometr.kg/content10147



Добавить комментарий