Бардык шарты менен дүйнөнүн эң гумандуу түрмөсү ачылды

25 декабря 2017 13:06 665 Barometr
Поделиться в:
ok

Жакында эле Гундслев шаарынан алыс эмес жерге курулган дүйнөнүн «эң гумандуу» абагын университеттин кампусу менен чаташтырып алса болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Басылмалар билдиргендей, бул түрмөнүн ар бир камерасы муздаткыч, сыналгы, шкаф, ири терезе, ыңгайлуу керебет, май чырагы бар жазуу столу жана жеке ванна бөлмөлөрү менен жабдылган. Бир кармоочу жайдын аянты төрт чарчы метрди түзөт. Пенитенциардык мекемеде ошондой эле, кең жалпы залдар, абактагылар өздөрүнө тамак бышырууга боло турган ашканалар, чиркөө, спорт аянтчасы менен зал, бакчалар, ал турсун айыл чарбасына ылайыктуу жерлер бар.
Абакты куруучулардын айтымында, алар темир тор артындагылар үчүн мүмкүн болушунча нормалдуу шарттарды түзүүгө аракет кылышкан. Алардын ою боюнча, мындай нерсе кылмышкерлердин санынын азайышына өбөлгө түзөт.

250 кишини батырган бул түрмөнү курууга 160 миллион доллардай каражат сарпталган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10145



Добавить комментарий