Акиташ кени 20 400 доллар баштапкы баа менен аукционго коюлду
Поделиться в:
Кыргызстандын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Жалал-Абад областындагы Аксы районунда жайгашкан Караойсай акиташ кенине геологиялык чалгындоого кайрадан аукцион жарыялайт. Бул тууралуу аталган комитеттин сайтында маалымдалган.
Объекттин старттык баасы 20 400 АКШ долларын түзөт.
Белгилесек, аукцион 2018-жылдын 29-январында Жалал-Абад областынын Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында өткөрүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content10139
Добавить комментарий ×