Камчы Көлбаев АКШда кримтөбөлдөрдүн тизмесине кирди

23 декабря 2017 15:56 1266 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШ мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн ичинен дагы 10 крим төбөлдү өзүнүн кара тизмесине киргизди. Бул тууралуу ТАСС АКШнын Каржы министрлигине шилтеме кылуу менен кабарлады.

 Расмий кабарга таянсак, тизмеде Захарий Калашов (Шакро Молодой, Россия), Юрий Пичугин (Пичуга, Россия), Рубен Татулян (Робсон, Россия), Алимжан Тохтахунова (Тайванчик, Россия), Владимир Тюрин (Тюрик, или Тюря, Россия), Василий Христофоров (Вася Воскрес, Россия), Камчыбек Көлбаев (Коля-кыргыз, Кыргызстан), Лаши Шушанашвили (Лаша Толстый, Грузия), Владислав Леонтьев (Вадик Белый, Россия), ошондой эле Өзбекстандын жараны Гафур Рахимов (Гафур Седой) бар.

 Вашингтондун бул чечимине ылайык эми америкалыктар аталган кара тизмеге кирген жарандар менен кандайдыр бир  кызматташууга акысы жок, кокус иштеше турган болсо алардын менчиги камакка алынат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content10112



Добавить комментарий