Финпол кызматкерлери «БТА Банктын» кызматтык маалыматтарын ким жайганын аныктады

22 декабря 2017 17:24 530 Barometr
Поделиться в:
ok

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан банктык сырды мыйзамсыз жайып жиберүү фактысы аныкталды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган кызматка банктык жашыруун сырды мыйзамсыз жайылтуу иши боюнча чара көрүү арызы менен «БТА Банк» ЖАКнын жетекчилиги кайрылган.

Ушул жылы 15-ноябрда «Фергана» маалыматтык сайтында «Э.А.» кабарчысынын «Идеал Хаус» вип-шаарчасынын сатылышына байланыштуу журналисттик иликтөөсүнүн видеосюжети жарыяланган болчу. Муну менен бирге аталган видеосюжетте банктык сырды түзгөн «БТА Банктын» документтери, анын ичинде «банктын аффилярдык жактарынын тизмеси» көрсөтүлгөн.

Буга карабастан, 20-ноябрда аталган банктын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, болжол менен, «Фергана» порталынын кабарчысына маек берген киши «БТА Банктын» юристи болгон. Кызматтык документтерге ээ болгон бул жаран кызматтык маалыматтарды жайган.

2017-жылдын 18-декабрында бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 194-беренеси боюнча (Коммерциялык, банктык же башка сырды, ошондой эле салык төлөөчүнүн жашыруун маалыматтарын жайуу) иш козголгон.

Эске салсак, "Фергана.ру" басылмасынын журналисти Эльнура Алканова «Бишкектеги «Идеал Хаус» вип-шаарчасын сатуу боюнча чатактуу келишимдин артында ким турат? II-бөлүм» аттуу журналисттик иликтөө материалын жарыялаган. Бирок Башкы прокуратура бул бүтүмгө өкмөт башчы Сапар Исаковдун катыштыгы жок экенин аныктаган, ал эми өкмөт Алкановадан кечирим сурашын талап кылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content10104



Добавить комментарий