Түрмөдө 28 жаштагы кыз менен жылаңачтанып алып кино тартып жаткан адвокат кармалды

22 декабря 2017 13:35 3811 Barometr
Поделиться в:
ok

Ушул жылы декабрь айынын ортолорунда абак күзөтүнүн кызматкерлери, АКШдагы Флорида штатындагы Пинеллас аймагындагы камактагы кызды катыштырып порнофильм тартып жаткан адвокатты кармашты.

Бул тууралуу Fox 13 News жазды. Жактоочуну кармаган кезде анын ич кийими болгон эмес. Адвокат Эндрю Спарк бул учурда камакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, жылаңачтанып алган 28 жаштагы Антуанетта Наполитано менен бир бөлмөдө тасма тартып жаткан.

Спаркка, өзүнүн жыныс органдарын көрсөткөн, сойкулукка жана аткезчиликке азгырган деген айып тагылган.

Наполитано, адвокат аны акча берем деп оралдык секске көндүргөнүн айткан. Иликтөөнүн жүрүшүндө, акыркы алты айдын ичинде Эндрюнун, «Камактагы кыздар» деген тасмасын тартып жатып, 28 жаштагы Антуанетта менен аз дегенде 6 жолу жыныстык катнашка киргени аныкталган. Кино тартуунун алдында «актриса» кыз камерага карап, өзүнүн сексуалдык фантазиялары тууралуу айтышы керек болгон, андан кийин жактоочу аны менен жынысттык катнашта болгон.

Ошондой эле, Эндрю Спарктын буга чейин түрмөдө отурган башка кыздарга дагы ачык роликтерге тартылууну сунуштап келгени белгилүү болгон.

Азыркы тапта бул окуяга байланыштуу укук коргоо органдары, жактоочу мындай порнотасмаларды тартууга дагы кимдерди катыштырганын иликтеп жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/content10083



Добавить комментарий