Президент энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

22 декабря 2017 13:04 577 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын энергетиктерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу  Кыргызстандын энергетиктери!

Кымбаттуу ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын энергетигинин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Өлкөбүздүн энергетикалык комплекси  атамекендик экономиканын олуттуу, стратегиялык  тармагы  болгондуктан мамлекет тарабынан  анын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулууда.

Кыргызстандын жогорку квалификациялуу энергетиктеринин бир нече мууну жумшаган эмгектин аркасында тармакта  олуттуу жылыштар болду. Акыркы жылдардын аралыгында энергетикада  Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдары туруктуу  өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген бир катар ири долбоорлор ишке ашырылды.

Борбор жана Түштүк Азияны туташтырган алгачкы энергетикалык долбоор –  CАSА-1000  ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Жакын аралыкта Камбарата ГЭС-2 экинчи агрегаты пайдаланууга берилет. Ат-Башы ГЭСи реконструкцияланып, Токтогул ГЭСи толугу менен реабилитацияланат, «Датка»  подстанциясынан Тажикстандын чек арасына чейин 500 кВ электр линиясы курулат. Электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке киргизилет.

Энергетикалык сектордо  инфраструктураны өнүктүрүү менен биз өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдеп жатабыз.  Пайдалануудагы энергетикалык обьектилерди реабилитациялап, жаңыларын куруу менен, биз биринчи кезекте калктын жашоосун жакшыртып жана өлкөнүн гүлдөп өнүгүшүн камсыз кылып жатабыз.

Кыйла ийгиликтерге жетиштик. Эми ошолорду бекемдеп, кайрадан  алдыга умтулуу керек!

Урматтуу энергетиктер!

Сиздердин жумуш абдан татаал.  Бирок сиздер көп  кыйынчылыктардан өттүңүздөр. Мындан ары  да жаңы дем  жана күч-кубат менен алдыга умтулуп, башталган иштерди улантып, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга бекем негиз түзөсүздөр деп ишенем.

Мына ушул майрам күнү өлкөбүздүн бардык энергетиктерине бакубат жашоо, чыдамкайлык каалайм, жыл ичинде  жылуу күндөр көп болуп,  электр жарыгы  дайыма жанып турсун.

Баардыгыңыздарга  чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди, ал эми  Кыргызстаныбызга  тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм!”

Ссылка: https://barometr.kg/content10082



Добавить комментарий