Сапар Исаков Азия оюндарында ийгилик жараткан спортчу, машыктыруучу жана уюмдарга сыйлыктарды тапшырды

22 декабря 2017 11:58 752 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр  Сапар Исаков быйыл Ашхабадда өткөн 5-Азия оюндарында Кыргызстандын командасын ийгиликтүү алып чыккан спортчу, машыктыруучу жана уюмдарга КР өкмөтүнүн сыйлыктарын тапшырды. Өкмөт башчы аларды куттуктап, көрсөткөн чебердиктери жана жогорку баалары үчүн ыраазчылык билдирди.
«Силер мыкты сапаттарыңарды көрсөттүңөр, бирдиктүү команда болуп чыктыңар. Көп сандуу улуттук курама команда Азия оюндарына катышып ушундай чоң ийгиликтерди жаратып жатканы бизде биринчи жолу болуп жатат деген ойдомун», — деп баса белгиледи Сапар Исаков.
Премьер-министр машыгуулар өтүп жатканда бүтүндөй өлкө атамекендик спортчулардын чыгышын тынчсызданып көрүп жатканын белгиледи.

«Биз баарыбыз экран артында, соцтармактарда тынчсызданып жаттык. Силердин ар бир жетишкендигиңер жана ар бир медалыңар атамекендик спорттун потенциалынын кайрадан жаңырышы болду»,-деди ал.
Эске салсак, жабык жайдын ичинде жана мушташ искусствосу боюнча өткөн Азия оюндарында атамекендик спортчулар 13 алтын, 20 күмүш жана 37 коло медалды утуп келишти. Мелдештер ушул жылы 17-27-сентябрь күндөрү Түкрмөнстандын Ашхабад шаарында өткөрүлгөн. Кыргызстандын улуттук курама командасында спорттун 17 түрү боюнча бардыгы 153 спортчу катышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content10076



Добавить комментарий