Сталиндин мүрзөсүнө жарандар толо гүл коюшту

22 декабря 2017 11:20 658 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 21-декабрда, Москвадагы Кызыл аянтта «Жолдош Сталин үчүн 2 гвоздика» аттуу кезектеги акция өттү. Элдер Сталиндин мүрзөсүнө көп сандагы кызыл гвоздика гүлдөрүн койду. Гүлдөр жөнөкөй жарандар тарабынан чогултулган каражатка сатылып алынган. Бул жолу жарандар 260 000 рубль топтогон.
1879-жыл 21-декабрь Иосиф Сталиндин расмий туулган күнү деп эсептелет, бирок башка версия боюнча, Сталин 1878-жылы 18-декабрда туулган деп айтылат.

Сталин, астрологиялык сунуштамалар боюнча атайылап эле өзүнүн туулган жылын өзгөртүшү мүмкүн деген пикир бар.
Сталиндин демилгеси менен, коллективдештирүү жана индустриализациялоо программалары киргизилген. Бул программалар өлкөнү кылымдар бою артта калгандыктан сууруп чыгуу, илимий-техникалык жумушчуларды даярдоо, Экинчи Дүйнөлүк согуштун алдында күчтүү экономиканы курууга багытталган.

"Биз алдыңкы мамлекеттерден 50-100 жылга артта калдык. Биз ал аралыкты он жылдын ичинде ашып өтүшүбүз керек. Же биз аны жасайбыз же болбосо алар бизди басып алышат", – деп Иосиф Сталин 1931-жылы февралда болгон Бүткүл союздук социалисттик өнөр жай жумушчуларынын жыйынында айткан.
Сталиндин каршылаштары аны репрессиялар жана эзүүчүлүккө айыпташкан. Сталин өзүнүн өлүмүнөн кийинки жашоосу тууралуу мынтип айткан: «Мен өлгөндө мүрзөмө толтура таштанды ыргытышат, бирок убакыттын шамалы катаалдык менен аны шыпырып кетет».

Ссылка: https://barometr.kg/content10071



Добавить комментарий