Сооронбай Жээнбеков транспорт министри Жамшитбек Калиловду кабыл алды

21 декабря 2017 16:07 754 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-декабрда жол жана транспорт министри Жамшитбек Калиловду кабыл алды.

Мамлекет башчысына коңшу мамлекеттер менен автомобиль, темир жолдору жана аба каттамдарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу, жол-транспорт секторун башкаруу системасында жүргүгулүп жаткан реформалар, жол жана транспорт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана сектордогу учурдагы абал боюнча маалымат берилди.

Мамлекет башчысы рынокторду кеңейтүүдө  жана транзиттик потенциалды жогорулатууда транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүнүн, анын ичинде темир жол, унаа жана аба каттамдарынын маанисин белгиледи. “Республиканын ички жолдорун сапаттуу оңдоо, айрыкча     аймактарда калктын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга жана аларды тейлөөгө жана кароого чыгымдарды кыскартууга  жол берет”, - деп белгиледи Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков министрге алдыда Ташкентте өткөрүлчү жолугушууларга эксперттик топту тыкыр даярдоо тапшырмасын берди, анткени темир жол долбоору тышкы рынокторго чыгыш үчүн Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Ал темир жол салууну тездетүү Борбордук Азиянын пайдалуу жана натыйжалуу транзиттик коридор катары ыңгайлуу кылууга көмөктөшөөрүн  белгиледи.

Министр Жамшитбек Калилов “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча 2017-жылдын 25-декабрында Ташкентке үч тараптуу жолугушууларга адистер тобу жөнөй турганын, ал эми 27-декабрда министрлердин деңгээлинде үч тараптуу жолугушуулар өтөөрүн жана анда темир жол салуу боюнча бардык маселелер талкуулана турганын билдирди. Мындан тышкары, Жамшитбек Калилов 23-декабрда Бишкек-Ташкент туруктуу аба каттамы жанданып жатканын маалымдады. Келе жаткан 2018-жылы Ош-Ташкент-Ош аба каттамы жанданат. “Автомобиль жана жүргүнчү ташуучу транспорт маселелерин жөнгө салуу боюнча 2018-жылдын 25-январында өзбек тарап менен жолугушабыз жана бир пикирге келебиз деген ишенимдебиз”, - деп билдирди министр.

Автомобиль, темир жол жана аба каттамдарын мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоонун жыйынтыгында  министрликтин ишмердигинин бир катар багыттары белгиленди.

Ссылка: https://barometr.kg/content10053



Добавить комментарий