Түрмөдө 18 жыл жазасын өтөгөн киши жегич эми эркиндикке чыгарылды

21 декабря 2017 13:52 7635 Barometr
Поделиться в:
ok

Актөбөдө 18 жыл күчөтүлгөн тартиптеги абакта жазасын өтөп чыккан 58 жаштагы Тимур Габдуллин биротоло боштондукка чыкты. Бул тууралуу басылмалар жазды.

1999-жылы январь айында Актөбө областындагы Алга шаарында үрөй учурган кандуу окуя катталган. Ошондо күндүз беш дос ичимдик ичип отуруп, кечке маал алардын ортосунда уруш-чатак чыккан.

Мушташтын жүрүшүндө төртөөлөп баары бир досуна бычак сайып өлтүрүшкөн. Кийин маркумдун денесин кескилешип, аны бышырып жеп алышкан.

Жаза өтөгөндөрдүн бири, Атырау областынын Индер районунун тургуну Тимур Габдуллин азыркыга чейин жасаган ишин мойнуна албай келет.

Анын айтымында, кылмыш жасалып жаткан учурда ал уктап жаткан.

«Ойгонсом, ваннада башы, колу-буту жок өлүк адамдын денеси жатканын көрдүм. Окуя кандайча болгону эсимде жок. Балдардан сурасам алар «азыр баарын тазалап коебуз» дешти. Ошентип кишинин башын таштандыга ыргытып салышкан. Кечинде болсо үйгө полиция келип калган дененин бөлүктөрүн сураган. Мен ошондо бөлмөдөн сөөктүн калган кескиленген бөлүктөрү салынган баштыкты алып чыктым. Азыр ойлосом ошондо полицияга баарын көрсөтүп туура эмес кылыптырмын. Анткени ал кезде мен баштыкты алып жатканда анда менин тырмактарымдын изи калып калган, жыйынтыгында баарына мени күнөөлөп коюшту», - дейт кылмышкер.

Белгиленгендей, учурда эркиндикке чыккан бул кылмышкер дале ичимдик ичип айыл кыдырып жүрө берет.

Ссылка: https://barometr.kg/content10047



Добавить комментарий