Жыйында 17 гана депутат отурат, калган 103ү тыныгуудан кийин келген эмес

21 декабря 2017 13:34 887 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 21-декабрда, парламенттин 103 депутаты кыска тыныгуудан кийин кайра келишкен эмес.

Демек, саат 9.30да эл өкүлдөрү Толкунбек абдыгуловдун талапкерлигин, ошондой эле, Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын карап чыгышкан. Добуш берүү учурунда 86 депутат катталган. Саат 11ден кийин алар 15 мүнөттүк тыныгууга чыгышкан.

Бирок тыныгуудан 17 депутат гана келген.

Кворумдун жоктугуна карабастан, вице-спикер Асель Кодуранова жыйынды алып барды. 17 эл өкүлү төмөнкү мыйзам долбоорлорун карап чыкты:

  • Үчүнчү окууда Жер кодексине, «Айыл чарба үчүн белгиленген жерлерди башкаруу тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • «Күрөө тууралуу» мыйзамга оңдоолор
  • «Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жана алар менен келишим түзүү тууралуу», «Персоналдык мүнөздөгү маалыматтар тууралуу», «Кыргыз Республикасындагы диний уюмдар жана динге ишенүүнүн эркиндиктери тууралуу», «Жер участокторун которуу (траснформациялоо) тууралуу», «КРдын Улуттук архивдик фондусу тууралуу», «КР элдик мыйзамдуу демилге тууралуу», «Нотариат тууралуу», «КР Адвокатурасы жана адвокаттык ишмердүүлүк тууралуу», «Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10046



Добавить комментарий