Жапаров: «Инвесторго «майлуу жерди» эле эмес, өлкөнүн бардык аэропортторун бериш керек»

21 декабря 2017 11:35 707 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 21-декабрда, "Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров, комментируя Barometr.kg сайтынын өкмөттүн «Манас» аэропортун TAV Airports Holding ишканасына берүү демилгеси боюнча суроосуна комментрий берип жатып, инвесторго республикадагы баардык аэропортторду бериш керек деген оюн билдирди.

Жапаровдун пикирине ылайык, өкмөттүн мындай демилгеси абдан туура жана мыйзам буга уруксат берет.

"Мыкты идея, мен колдойм. Дүйнө жүзү боюнча ушундай тажрыйбалар колдонулуп жатат. Бирок анча-мынча маанилүү учур бар, айтсак, инвесторго «майлуу» бөлүк болгон «Манас» аэропортун эле эмес, бардык аэропортторду бериш керек. Эгер инвесторго «Манасты» эле берип койсок, анда өлкөдөгү кичинекей аэропортторго инвесторлорду тартуу кыйынчылык жаратып калат»,-деп эсептейт эл өкүлү.

Эске салсак, өкмөт «Манас» эл аралык аэропортун ишеним башкарууга TAV Airports Holding компаниясына берүү мүмкүндүктөрүн карап жатат. Өкмөттөн белгилешкендей, мындай чара аэропорторду жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруу, андан соң заманбап, жогорку сапаттуу түйүндүү аэропортту ( Хаб) түзүүдө зарыл.

"Манас" аэропортунун мүмкүнчүлүктөрү, анын экономикага салымы, колдогу мүмкүндүктөргө дал келбей жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content10038



Добавить комментарий