Энеси ваннанын суусун күйгүзүп ага эки жаштагы кызын отургузуп кетип калган

20 декабря 2017 19:58 5960 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвада 2 жаштагы кыз ваннадан каза тапты, бул учурда анын энеси сыртта ити менен сейилдеп жүргөн. Үрөй учурган мындай окуя Пущино шаарындагы «Д» кичи районундагы батирлердин биринде болгон. Бул тууралуу басылмалар жазды.

Иликтөө комитетинин маалыматы боюнча, 26 жаштагы аял үйүндөгү ваннанын суусун күйгүзүп, ваннага кызын отургузуп коюп, өзү итти сыртка чыгарып келүү үчүн кеткен. Болжол менен 7 мүнөттөн кийин келген энеси бардык денесинен күйүк жаракаттарын алган кызынын каза болгонун көргөн.

Бул факт боюнча иликтөөгө чейинки текшерүү уюштурулуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ссылка: https://barometr.kg/content10013



Добавить комментарий