Бир апта мурда сууга чөгүп кеткен баланын сөөгү бүгүн табылды
Бөлүшүү:
13-июль күнү Ленская көчөсүндө Чоң Чүй каналына 2012-жылы туулган П.М. аттуу жаш бала белгисиз себептерден улам чөгүп кеткен. Бүгүн 20-июль күнү саат 10:53тө маркумдун жансыз денеси Чүй облусунун Сокулук районун Новопавловка айылындагы Чоң Чүй каналынан табылды. Маалыматтарга ылайык, ошол аймактагы жашоочулар көрүшүп, сөөктү жээкке алып чыгышкан. Баланын сөөгүн атасы таанып, туугандары менен алып кетишти. Бул маалыматты КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ссылка: https://barometr.kg/bir-apta-murda-suuga-chgp-ketken-balanyn-sg-bgn-tabyldy
Добавить комментарий ×