Хонда Степ үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна түшүп кетти

26 июня 2018 21:00 2669 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында (Өрүктүү тилкеси) Хонда Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен. Бул тууралууу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди. 

Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам Токтогул райондук ооруканасына жолдон өтүп бара жаткан  унаалардын айдоочулары тарабынан жеткирилген. Ал эми 2 адам дайынсыз болууда. Аларды издөөгө бүгүн таңкы саат 06:35те КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу тартылган. Учурда издөө иштери жүрүп жатат. 


Ссылка: https://barometr.kg/honda-step-lgsndg-unaa-chychkan-suusuna-tshp-ketti



Добавить комментарий